Жогорку Кеңеште киберсталкинг учурларын өзүнчө көзөмөлдөө сунушталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь

Жогорку Кеңеште киберсталкинг учурларын өзүнчө көзөмөлдөө сунушталды

Кыргызстанда Акыйкатчынын жылдык баяндамасына санариптештирүүгө байланыштуу жарандардын укуктарына жаралган жаңы коркунучтар тууралуу өзүнчө маалымат киргизүү сунушталды. Мындай демилгени 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев көтөрдү.

Анын айтымында, санариптик технологиялардын өнүгүшү менен кылмыштуулуктун жаңы түрлөрү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн жаңы формалары пайда болууда.

Депутат өзгөчө кибербуллинг менен катар барган сайын актуалдуу болуп жаткан киберсталкинг көйгөйүнө көңүл бурду.

Ал Акыйкатчы институтуна мындай учурларды жылдык баяндамада чагылдыруу менен гана чектелбестен, жарандарды санариптик коркунучтардан коргоого багытталган демилгелерди да иштеп чыгууну сунуштады.

Бул сунуш Акыйкатчынын Кыргызстанда адамдын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнча 2025-жылдагы баяндамасы каралып жаткан учурда айтылды.