Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды
"Манас" улуттук академиясы
13 октябрь

Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюсту ачылды

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында бүгүн, 13-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан кабарлашты.

Иш-чарага маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Алардын катарында "Манас" улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы жана академиянын эмгек жамааты да болду.

Салтанаттуу иш-чара залкар манасчынын жаркын элесин түбөлүккө калтырууга, анын кыргыз маданиятына, өзгөчө "Манас" эпосун жайылтууга кошкон зор салымын даңазалоого арналды. Бюсттун орнотулушу манасчылык өнөрдүн улуулугун кийинки муундарга жеткирүү жана улуттук руханий мурасты сактоо багытындагы маанилүү демилгелердин бири болуп саналат.

Уркаш Мамбеталиев кыргыздын улуу эпосун эл арасына жайылтууга өмүрүн арнаган көрүнүктүү манасчылардын бири болгон. Анын чыгармачылык жолу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен тыгыз байланышкан. Ал узак жылдар бою аталган маданий мекемеде эмгектенип, "Манас" эпосун өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерде да даңазалаган.

Залкар манасчынын айтуусундагы эпостун бир катар бөлүктөрү Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып алынган. Анын үнү менен сакталган бул жазуулар бүгүнкү күндө манасчылык өнөрдүн баалуу мурастарынын бири болуп эсептелет.

Уркаш Мамбеталиев манасчылык менен катар акындык жана жазуучулук өнөрдү да аркалаган. Анын "Көктөм", "Жол ырлары", "Тоо жылдызы", "Ашуу", "Алтын аяк", "Таазим" аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Ошондой эле "Семетей" эпосун кагазга түшүрүүгө да эмгек сиңирген.

Улуттук маданиятка кошкон салымы үчүн 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдарына татыган. Ошондой эле "Манас" ордени менен сыйланган.

Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Ал 2011-жылы 18-июнда дүйнөдөн кайткан.