Бишкекте «Дарика» балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды
Бишкек мэриясы
13 октябрь

Бишкекте «Дарика» балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды

Бишкек шаарында 10-октябрда балдардын дене тарбиясын өнүктүрүүгө, реабилитациялоого жана социалдык адаптациясына багытталган «Дарика» балдардын адаптивдүү спорт борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле башка ардактуу коноктор катышты.

Жаңы борбор аутизми, балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШ), Даун синдрому жана өнүгүүсүнүн башка өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт менен машыгуусуна, ден соолугун чыңдоосуна жана физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүсүнө шарт түзүү максатында иш алып барат.

Борбордун ишин уюштуруу үчүн Түркиядан спорт, реабилитация жана өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө жаатында 24 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар эл аралык адис Дарика Ажар чакырылган.

«Дарика» борборунун ачылышы Бишкек шаарында инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүдөгү, спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү жана өзгөчө муктаждыктары бар балдардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусуна шарт түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Мындай аянтчаларды түзүү ар бир бала өз жөндөмүн өнүктүрүүгө жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алган коомду калыптандырууга өбөлгө түзөт.