Бишкекте Street Workout боюнча ачык чемпионат өттү
Адинай паркында 10-октябрда Бишкек шаарынын Street Workout боюнча ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мелдешке көчө спортун сүйгөн 150дөн ашуун спортчу жана ышкыбоз катышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын Экстремалдык жана көчө спорт түрлөрү федерациясы жана анын Бишкек шаарындагы аймактык бөлүмү менен биргеликте уюштурду. Чемпионат өнөктөштөрдүн колдоосу менен өтүп, алардын көмөгү аркылуу катышуучуларга белектер даярдалды.
Иш-чарага Департаменттин директору Канатбек Маматов катышты. Ал спортчуларга ийгилик каалап, көчө спортун өнүктүрүүгө жана мелдештерди, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги жарыштарды уюштурууга Федерациянын кошкон салымын белгиледи.
Мелдештер төрт категория боюнча өткөрүлдү:
- Workout Battles (1ге 1):
- Турникке тартынуу— 18 жашка чейинки жана 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында;
- Брусьяда колду бүгүп-жазуу** — абсолюттук категория.
Мындан тышкары, коноктор үчүн мастер-класстар жана интерактивдүү сынактар уюштурулду.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери:
Workout Battles (1ге 1):
1. Асхат Салымбеков;
2. Асад Акборов;
3. Артем Сайфулин.
Турникке тартынуу, 18 жаштан жогоркулар:
1. Арлен Мамырканов;
2. Нурсултан Абдураимов;
3. Амир Мажитов.
Турникке тартынуу, 18 жашка чейинкилер:
1. Богдан Балашов;
2. Нурболот Кудайбергенов;
3. Нурсултан Мукамбетов.
Брусьяда колду бүгүп-жазуу, абсолюттук категория:
1. Арлен Мамырканов;
2. Мырза Чолпонбаев;
3. Виктор Шефер.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери медалдар, кубоктор жана дипломдор менен сыйланышты.
