“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору алмашты
25 март

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору алмашты

Токтобаев Акыл Токтобаевич Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин башка тескемесине ылайык, Элеман Муратов “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду.