Кыргызстандагы имамдарга кызматтык унаалар тапшырылды
Кыргызстандагы 9 казыга жана 40 райондук баш имам-хатибге кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Унаалардын ачкычын тапшыруу аземи бүгүн, 25-мартта өтүп, ага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, азирети Муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү, оптималдаштыруу жана элге ыңгайлуу, сапаттуу диний кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп саналат. Кызматтык автоунаалар аймактагы дин кызматкерлеринин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткарышына мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 18-декабрында ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 20 автоунаа тапшырылган болсо, бүгүн 29 кызматтык унаа тапшырылды.
