Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган.
ӨКМден кабарлашкандай, анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 2.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.
