Мусаева: Кыргызстанда дары-дармектердин тартыштыгы жок
25 март

Мусаева: Кыргызстанда дары-дармектердин тартыштыгы жок

Кыргызстанда маанилүү дары-дармектер канчалык деңгээлде камсыздалган? Бул суроого КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары каражаты жана медициналык буюмдар департаментинин бирдиктүү терезе бөлүмүнүн башчысы Мая Мусаева «Биринчи радионун» эфиринде жооп берди.  

Айтымында, жыл сайын Кыргызстанга бирдей көлөмдөгү дарылар келет. Мисалы, 2021-жылы 26 млрд, 2022-жылы 28 млрд, 2023-жылы 32 млрд, 2024-жылы 32 млрд сомго дары-дармектер ташылган. 2025-жылы дагы өлкөдө керектелүүчү дары-дармектердин суммасы ушул эле цифраны түзөт. 

«Бул Кыргызстанга жыл сайын бирдей дары-дармектер ташылып жатканын, демек, тартыштык болуусу мүмкүн эместигин билдирет. Тескерисинче, статистиканы карасак, жылдан жылга дары каражаттарынын келүүсү көбөйүүдө. Союз тарагандан кийин өлкөгө жеке жеткирүүчүлөр тарабынан алып келинсе, «Кыргызфармация»  мамлекеттик ишканасы уюшулгандан кийин, жогорку технологиялуу дары-дармектер менен мамлекеттик ооруканаларды камсыздоо милдети аларга жүктөлдү», – деди Мусаева. 

Эске салсак, бир ай мурда Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев Кыргызстанда онкологиялык жактан ооруган бейтаптарга дары-дармек жетишсиз болуп жатканын айтып, «Кыргызфармациянын» ишин сынга алган.  

«Жалпысынан дары-дармек тартыштыгы жок. Бирок айрым дарыларды аз адамдар гана колдонгондуктан, аз көлөмдө алып келинет дагы, дарыканаларга дагы тегиз таратылбайт. Мындайда жарандар 2-3 дарыканага кирип, дары табышпаса, андан ары издөөнү токтотуп, дефицит болуп жатат деп ойлошот. Дүйнө жүзү боюнча бир дагы мамлекет бардык болгон дарылар менен камсыздай албайт. Айрым дарылардын тартыштыгы ар бир өлкөдө болот. Анткени, жыл өткөн сайын дары-дармектердин жаңы түрлөрү көбөйүүдө, эски дарыларды жаңы түрүнө алмаштыруу болот, мындай процесс токтобойт», – деди бөлүм башчы.