Суусамыр – Талас – Тараз жолу унаалардын бардык түрү үчүн ачык 
25 март

Суусамыр – Талас – Тараз жолу унаалардын бардык түрү үчүн ачык 

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 11:05те алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, убактылуу чектөө 24-март, саат 23:30да киргизилген. Ага "Өтмөк" ашуусунда кар жаап жол тайгак болуп жаткандыны себеп болгон.

"Кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген", - деп айтылат маалыматта.