Медербек Сатыев: Сотко келген тараптарга бардык тиешелүү шарттар түзүлүш керек
11 декабрь

Медербек Сатыев: Сотко келген тараптарга бардык тиешелүү шарттар түзүлүш керек

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 10-декабрда иш сапары менен Талас облусунун Айтматов райондук сотуна барды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Айтматов райондук сотунун төрайымы Гулмира Бапанова аталган сотто 3 судья эмгектенип, 9 айдын жыйынтыгы менен 935 иш каралгандыгын, анын ичинен үч иш мөөнөтү өтүп каралгандыгын айтты.

Медербек Сатыев каралып жаткан иштердин сапатына кызыгып, айрым судьялардын кабыл алган чечимдеринин 62% жокко чыгарылып жаткандыгын сындады.

Мындан тышкары, Медербек Сатыев келген тараптарга тиешелүү шарттар түзүлүш керек экендигин баса белгиледи. Анткени, сотко келген жарандардын сот отурумун күтүп турушуна отургучтар коюлбай, канцелярияга кире турган жерде атайын тосмо орнотулган эмес. Бул боюнча төрага Сот департаментинин облустук башкармалыгынын жетекчисине тез арада маселени чечүү тапшырмасын берди.

Жыйындын жүрүшүндө, аталган сотто бир айда бир судьяга болгон жүктөм 300 дөн ашык иш каралаары айтылды. Ал эми ушул жылдын 9 айында 6 жеке аныктама чыккандыгын төрайым маалымдады.

Жогорку соттун судьясы Турсунгуль Чаргынова аталган райондук сотто соттук практикага жалпылоо жасап, облустук сотко, андан кийин Жогорку сотко жөнөтүүнү кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жогорку соттун төрагасы Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында алгач биринчи инстанциядагы соттор, андан соң экинчи инстанция, андан кийин облустук соттун эмгек жамааты менен жолугушат.