Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын элчисин кабыл алды
Бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Годаны кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-жапон кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу ой бөлүштү.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жапония мамлекети Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, ага ылайык социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү керектигин кошумчалады.
Муну менен катар Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин алкагында жасалып жаткан иштерге токтолгон Төрага: «Агенттик аркылуу ар кыл тармактарда, айрыкча билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура багытында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анын ичинен ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иши жигердүү жүргүзүлүп, кыргызстандыктар үчүн Жапониянын алдыңкы окуу жайларында билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө», – деди.
Андан тышкары, калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун мааниси чоң экенин айткан Төрага 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жапониядагы расмий сапары ийгиликтүү болгонун, анда байланыштардын жаңы барагын ачкан олуттуу документтерге кол коюлганын эске салды.
Ошондой эле жетишилген келишимдерди ишке ашырууда жана мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенине токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш Жапониянын парламенти менен тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. Буга кошумча эки өлкөнүн парламенттеринде түзүлгөн депутаттык достук топтору акыркы мезгилдери жигердүү иш алып барып жатканын билдирди.
Өз кезегинде элчи Хидэки Года 1992-жылдан бери Жапония мамлекети Кыргызстан менен кызматташып келе жатканын айтып, калыптанган алакаларды арттыруу багытында жасалып жаткан иштер жана алардын жыйынтыктары тууралуу кеп кылды. Тагыраагы, билим берүү жаатында кызматташтык жигердүү өнүккөнүн мисал кылган элчи Жапониядан билимин жогорулатып келген кыргызстандыктардын саны көбөйгөнүн, алардын катарында азыркы учурда иштеп жаткан эки министр да бар экенин билдирди.
Муну менен катар жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна керектүү ратификациялоо маселелерин ыкчам колдоого алып келе жаткандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирген Хидэки Года Жапония үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты да өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
