Кыргызстанда 9 айда 1 миллиондон ашык лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн
30 ноябрь

Кыргызстанда 9 айда 1 миллиондон ашык лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө республикадагы бардык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарында 7 маалымат системасы иштеп жатканын билдирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бардык санариптик чечимдери саламаттыкты сактоо уюмдарына акысыз жеткиликтүү.

iLAB лабораториялык система республиканын лабораторияларындагы процесстерди автоматташтырат.

  • 2024-жылдын 9 айында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны: 1 миллиондон ашык.
  • Системаны колдонуучулардын саны: 2500дөн ашык.

Система «Түндүк» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили» жана «Лабораториялык тесттин натыйжалары» кызматтары менен интеграцияланган.