
Кыргызстан ТМУнун аймагынын санариптик интеграциясын тездетүү максатын көздөйт — президент
Кыргызстан ТМУнун аймагынын санариптик интеграциясын тездетүү максатын көздөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, бул максатка жетүү үчүн бир катар демилгелерди ишке ашыруу пландалып жатат.
"Бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жаатында биз электрондук сооданы жөнгө салууга, транспорттук жана логистикалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, санариптик стандарттарды жана сертификаттарды өз ара таанууга кызыкдарбыз.
Ошондой эле, электрондук кол тамгаларды өз ара таануу механизмдерин түзүүгө багытталган документтерди биргелешип даярдоого умтулабыз.
Төрагалыктын алкагында санариптик технологиялар жаатында, өзгөчө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана жасалма интеллект тармактарында биргелешкен изилдөөлөргө көмөк көрсөтүлөт.
Ушуга байланышкан Бишкек шаарында Жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин форуму ийгиликтүү өткөнүн белгилейм. Форум жасалма интеллектти өнүктүрүү стратегияларын талкуулоо жана биздин өлкөлөрдө технологиялык прогрессти стимулдаштыруу үчүн уникалдуу аянтча болуп калды.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарына 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамын ыйгаруу боюнча демилгени колдооңуздарга ыраазычылык билдирем.
Кыргызстан мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө олуттуу прогресске жетишти.
Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана анын мобилдик версиясы 2021-жылдан тартып ишкерлердин өкмөт менен өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү платформа катары кызмат кылууда.
Бүгүнкү күндө портал 37 ар кандай мамлекеттик органдын жүздөн ашуун мамлекеттик кызматтарын сунуштап, ай сайын 1,5 миллион жаран кайрылат.
Санариптик документтер мыйзамдуу күчкө ээ жана аларды учурда мобилдик тиркеме аркылуу колдонуу мүмкүн. Биз ошондой эле салыктык администрациялоону жана лицензиялоо процесстерин жөнөкөйлөтүп, аларды рыноктун бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылып жатабыз", - деди мамлекет башчысы.