Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти
3 январь

Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти

Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эрте менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон ымыркай (эркек) табылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Бул факт 2025-жылдын 3-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган, абалы туруктуу.