Нурдан Орунтаев Нарын шаарындагы объектилердин курулуш иши менен таанышты
26 июнь

Нурдан Орунтаев Нарын шаарындагы объектилердин курулуш иши менен таанышты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 25-июнда Нарын шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар объектилерге барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Курулуш министринин иш сапарынын алкагында төмөнкү объекттер менен таанышып чыкты:

  • “Ала-Тоо” стадионунун,
  • “Тянь-Шань” city турак-жайынын,
  • Нарын шаарындагы лицей-интернатынын,
  • В.Чкалов атындагы 500 орундуу мектебинин,
  • облустук жана шаардык прокуратуранын курулушу.

Министр Нурдан Орунтаев аталган объектилердеги тиешелүү кызматкерлерге жумушту берилген мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу бүткөрүп берүү талабын коюп, ар бир курулуш иши жеке көзөмөлүндө экендигин билдирди.