Жыл аягына чейин муниципалдык жаңы беш мал базар ишке берилет
25 март

Жыл аягына чейин муниципалдык жаңы беш мал базар ишке берилет

Кыргызстанда жаңы муниципалдык беш мал базар курулуп жатат, деп кабарлайт Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, алар: Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында салынууда.

Ошондой эле, учурда жергиликтүү бийлик менен биргеликте Өзгөн жана Кемин райондоруна да жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүнүп берилди. Жакынкы алардын да курулуш иштери башталат. 

2024-жылы муниципалдык жети мал базар курулуп ишке берилген. Алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда ачылган.

Белгилесек, ушул тапта өлкө боюнча 43 мал базар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын 12си муниципалдык, 31и жеке менчик мал базар. Аталган 43 мал базардын 18и  ветеринардык-санитардык талапка жооп берсе, калган 25 мал базарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талапка ылайык келтирүү үчүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.