Эмилбек Ысманов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды
Эмилбек Ысманов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин «КУЭТ» ААКна караштуу Ош электр тармактар ишканасынын мурунку директору болчу.
Ал эми министрдин мурдагы орун басары Курсантбек Өмүрбеков «Электр станциялар» ААКнын башкы директору болуп дайындалган.
