Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
25 март

Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Жайыл районундагы "Сосновка" жана Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 25-мартта саат 09:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта Бишкек–Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында “Арал”постуна саат 23:45те, "Сосновка" постуна саат 22:25те жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.