Кыргызстан менен Россиянын ветеринария жаатындагы кызматташтыгы бекемделет 
7 июль

Кыргызстан менен Россиянын ветеринария жаатындагы кызматташтыгы бекемделет 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт  жана тоют кызматынын директору Улугбек Кожобергенов Россия Федерациясынын Вологда облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Россия Федерациясынын Айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов менен асыл тукум мал чарбачылыгы жана ветеринария тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар агроөнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты, анын ичинде асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, ветеринардык көзөмөл системасын жакшыртуу, ошондой эле тармактын илимий-билим берүү потенциалын бекемдөө маселелери каралды.

Өзгөчө ветеринария жана мал чарба тармагындагы адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эки өлкөнүн профилдик мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Тараптар Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, заманбап генетикалык технологияларды киргизүүгө жана тармактын туруктуу өсүшү жана модернизациясы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Россиялык тарап кыргыз тарапка асыл тукум чарбалардын тизмесин жана селекциялык иштерге жана айыл чарба жаныбарларынын жергиликтүү породаларынын өнүмдүүлүгүн жогорулатууга ылайыктуу жеткиликтүү асыл тукум материалын берүүгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында М.И. Увайдов У.С. Кожобергеновду түзүлгөн макулдашууларды улантуу жана тереңдетүү максатында Россия Федерациясына расмий сапар менен келүүгө чакырды.