
Үйдөн чыкпастан эле, соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымкат алсаңыз болот
2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 2025-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн бардык региондорунда Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттуулу бар же жок экендиги тууралуу маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын маалымдайбыз.
Эми, маалым катты алуу ТҮНДҮК мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө гана жүргүзүлөт.
Соттолбогон тууралу маалым катты онлайн түрүндө кантип алса болот?
1. Биринчи кадам ТҮНДҮК уюлдук тиркемесин ачыңыз же ТҮНДҮКТҮН сайттына кириңиз, бул жерден “Маалымкаттар жана көчүрмөлөр” бөлүмүн табасыз;
2. Андан соң "Соттолбогон тууралуу маалымкат" пунктун табып аны тандагыңыз;
3. Андан кийин "Документ берүү" баскычын тандашыңыз керек,
4. Эгерде аты жөнүңүздү өзгөрөткөн болсоңуз, аны тиешелүү формага толтурасыз;
5.Форманы толтургандан кийин "Жөнөтүү" баскычын басыңыз;
6. Андан кийин ылайыктуу төлөм ыкмасын тандап, кызматтын акысын төлөңүз;
7. “Тастыктоо” кодун терип, тасыктоо баскычын басыныз;
8. Сиздин өтүнүчүнүз ийгиликтүү жиберилгенден кийин, маалымкаттыныз даяр болгон күнү көрсөтүлөт;
9. Маалымат даяр болгондон кийин ал сиздин жеке бөлмөңзгө келип түшөт. Билдирүү электрондук почтага же телеграмм номериңизге кабарлоо менен келет.
Ошондой эле, ИИМдин “Бирдиктүү терезеси” аркылуу расмий документтерди күбөлөндүрүү башкача айтканда (апостилдөө) мүмкүнчүлүгү бар. АпостИль - бул расмий документти чет өлкөдө таанылышы үчүн ырастаган атайын мөөр. Ал документти кошумча текшерүүсүз Конвенцияга кирген мамлекеттерде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
50 жаш жана андан жогору курактагы жарандарга, жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде пайдалануу үчүн мындай маалыматтар талап кылынган учурларды кошпогондо.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жөнүндө маалым каттын жарактуулугун төмөндөгү шилтеме аркылуу текшере аласыз: https://e.mvd.kg/verify/record
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө «Бирдиктүү терезе» режиминдеги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору жана пункттары ачылган.