Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир тилкеси жабылат
2025-жылдын 4-июнунда, Бишкек шаарында жолдорду реабилитациялоо алкагында Жаш Гвардия бульварынын Токтогул жана Москва көчөлөрүнүн аралыгы (чыгыш тарабында) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Аталган участокко альтернатива катары батыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Оңдоп-түзөө иштери белгиленген графиктен алдыда жүрүп жатат. Ишке ашыруучу подрядчы уюм — «ДорСтрой Групп» ЖЧК.
Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын алдын алуу максатында жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонуу сунушталат. Ошондой эле маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз.
