Айнура Молдогазиева: Майыптуулугу бар адамдарга жеке ассистент кызматы кандай дайындалат
Майыптыгы бар жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Молдогазиева жеке ассистент кызматы тууралуу түшүндүрмө берди.
Айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеке ассистент дайындоо Кыргызстанда 2019-жылдан тартып иштеп баштаган.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы 556-токтомунун негизинде, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон жарандарга жеке ассистент кызматын төлөө шарттары жөнүндө жобо кабыл алынган. Ага ылайык, жеке ассистент кызматы 2019-жылдан тартып иштеп баштаган. Ошол жылдан бери 18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар балдарга жеке ассистенттик кызмат көрсөтүлсө, 2022-жылдан тартып бул кызмат бала кезинен майыптыгы бар улуу адамдарга да багытталган.
Жеке ассистент кызматы медициналык социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан ошол адамдын бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж деген корутунду чыккан учурда дайындалат.
Жеке ассистент кызматынын максаты – майыптыгы бар балдарга жана улууларга сапаттуу кызмат көрсөтүү, коопсуздугун сактоо жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана башка медициналык адистердин көрсөтмөсүн аткаруу болуп эсептелинет.
Ошондой эле, күнү-түнү майып балдарга жана улууларды карап, иштебей отурган жеке ассистенттер пенсия курагына жеткенде, пенсия алуусуна шарт түзөт.
