Эмгек министрлиги: 247 бала 118 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
13 март

Эмгек министрлиги: 247 бала 118 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда

2025-жылдын 1-мартына карата 247 ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган бала 118 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу балдардын саны 15,0 пайызга көбөйгөн.

Окуу үчүн багып алуучу ата-эне болууга 43 талапкер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат.

Салыштыра келсек: былтыркы жылдын 1-мартына карата 210 ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган бала 110 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланган.