Айтматов районунда баасы 30 млн. сомдук мунай базасы мамлекетке кайтарылды
7 июль

Айтматов районунда баасы 30 млн. сомдук мунай базасы мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кызыл-Адыр айыл аймагында жайгашкан, аянты 1,62 га жер тилкеси, өндүрүштүк имараттар жана резервуарлар камтыган мунай базасы мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде, баасы 30 млн сом болгон бул объекттеги бардык мүлкү жана жер тилкеси менен кошо мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, анын ичинде стратегиялык мааниге ээ объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча системдүү ишин улантууда.