Унаалар ортосундагы аралыкты так сактагыла! ӨКМдин эскертүүсү
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянак, 30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Андыктан ӨКМ айдоочуларга жана жол жүрүүчүлөргө эскертет:
- унааңыздын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз. Жайкы дөңгөлөктүү унаалар “Сосновка”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт!
- алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
- унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз;
- Зарылчылыгы жок болсо, алыска жол жүрүүнү башка күндөргө жылдырыңыз!
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
