11 ноябрь

Баткенде шаардык милиция кызматкерлери тарабынан “Алдамчылык” фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

Баткен ШИИБне Баткен шаарынын тургуну Э.А. аттуу жаран кайрылып, 2024-жылдын август айында Баткен шаарынын тургуну Т.А. жана Баткен районунун тургуну Н.Д. аттуу жарандардан 1 540 000 (бир миллион беш жүз кырк миң) сом акчага Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынан төрт жер тилкесин сатып алганын билдирген.

Арыз ээси сатып алган жер тилкелеринин бирине үй куруп жаткан учурда, белгисиз аял келип ал жер тилкеси өзүнө тиешелүү экенин айтып, жаран алдамчылык жолу менен зыян тартканын түшүнгөн.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Баткен шаарынын 66 жаштагы тургуну Т.А. жана Баткен районунун 41 жаштагы тургуну Н.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Баткен шаардык ички иштер бөлүмү жарандарды мыйзамсыз мүлктүк бүтүмдөргө барбоого, жер жана кыймылсыз мүлк сатып аларда документтердин мыйзамдуулугун кылдат текшерүүгө чакырат. Ошондой эле ушул жогоруда аталган жарандар тарабынан алданып, зыян тарткан адамдар болсо, Баткен ШИИБне кайрылуусун өтүнөт.