ИИМ: Шайлоо тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү
17 ноябрь

ИИМ: Шайлоо тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү, деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

Шайлоого байланыштуу өлкөнүн турмушундагы маанилүү окуяларга байланыштуу Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыз кылууга, укук тартибин сактоого багытталган бардык чараларды көрдү.

Бүгүн, 17-ноябрь күнү саат 08:00дө башталган шайлоо, саат 20:00дө аяктады.

Республиканын бардык аймактарындагы 2443 шайлоо тилкелеринде 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн ушул учурда улантышууда.

Жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу жана жер-жерлердеги аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону камсыз кылуу максатында региондордо Ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери иш алып барышууда.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо одоно бузулбастан өттү. Ички иштер органдары мамлекеттик органдар жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз өз ара аракеттенишет.

Бүгүнкү күнгө чейин шайлоого байланышкан жалпы 96 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Ал эми бүгүн 17-ноябрда саат 08:00дөн баштап саат 20:00гө чейин жалпы республика боюнча шайлоо мыйзам бузууларына байланыштуу 69 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Бирок, бүгүнкү шайлоо мезгилинде катталган фактылар, ушуну менен чектелбейт. Себеби, арыз-билдирүүлөр дагы болушу толук ыктымал.

Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү.

Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында жүктөлгөн милдеттерди белгиленген тартипте аткарып жатат.

ИИМдин маалымат кызматы жалган маалыматты тараткан жана туруксуздукка алып келүүгө чакырган жарандар кылмыш жообуна тартыларын эскертет.