Ысык-Көлдө туристтерге көрсөтүлгөн жардам – коопсуздуктун жана меймандостуктун белгиси
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын жолунда, кооз табият койнунда сапар тартып бараткан туристтердин унаасы күтүүсүздөн бузулуп. Ал учурда ысык күн, жол четинде жардам күтүп турган чет элдик меймандарга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери өз убагында жардамга келишти.
Туристтердин унаасынын моторунда техникалык мүчүлүштүк болгондугу аныкталып, милиция кызматкерлери аларды жакын жайгашкан Барскоон айылындагы май куюучу бекетке чейин коштоп барышып, Ал жерден туристтер үчүн такси чакыртылып, алар коопсуз түрдө сапарын улантууга мүмкүнчүлүк түзүштү.
Меймандар Кыргызстандын милициясынын ыкчам жана меймандос жардам көрсөтүүсүнө ыраазычылыктарын билдирип, өлкөнүн коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалганын белгилешти.
Бул окуя Ысык-Көл облусунда эс алып жүргөн жарандарга жана туристтерге карата милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүп жаткан камкордуктун жана ишенимдин жандуу мисалы болуп калды.
