Ош шаардык төрөт үйүнүн аймагы иреттелет
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 24-мартта шаардык төрөт үйүнө барып, аймагын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар башчысы жеринде тиешелүү жетекчилерге оорукананын айланасын жалпы иретке келтирүү менен бирге көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жанында жайгашкан каналды тазалоо, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, тепкичтерди оңдоп-түзөө боюнча тапшырмаларды берди.
