Татарстанга учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан чабуул жасалды. КР жарандары арасында түшүндүрүү жүргүзүлүүдө
Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугу билдиргендей, ушул жылдын 21-декабрында эртең менен Татарстандын борборуна учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан чабуул жасалды.
Кол салуу негизинен Казандагы жарандык инфраструктуралык объектилерге багытталган.
Расмий маалыматтар боюнча, 8 учкучсуз учак турак-жайларга жана өнөр жай ишканасына кол салган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Башкы консулдук кырдаалга мониторинг кылууну жана Кыргызстандын жарандарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.
