Комитет Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2023-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 2-июндагы жыйында Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2023-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту.
Маалымат менен Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева тааныштырды.
Ал белгилегендей, Туруктуу өкүлчүлүк чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүү маселесине өзгөчө көңүл буруп келет.
«Жакынкы убактагы негизги милдет БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына мамлекет башчысынын катышуусун уюштуруу, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин ишке ашыруу», - деди Аида Касымалиева.
Талкуу маалында депутаттар Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү активдүү иш алып барып жатканын белгилешти. Аны менен катар депутат Миргүл Темирбаева «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» улуттук жол картасынын ишке ашырылышы тууралуу сурады.
Депутат Эмиль Токтошев президент Садыр Жапаровдун тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгеси боюнча аткарылып жаткан иштерди тактады.
Депутат Лейла Лурова гендердик теңчиликти камсыздоо, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине токтолду. Комитет мүчөлөрү мындан тышкары БУУнун аянтчасында улуттук кызыкчылыктарды ишке ашыруунун жана өлкөнүн оң имиджин колдоого алган иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
