Ысык-Көлдө сел жүрдү: куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, карлар эрип, саат 23:05 чамасында Хан-Тенгри айыл аймагынын Советское айылында каналдан суулар ашып, турак үйдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан, Ак-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, суунун нугун буруу иштерине 2 даана жергиликтүү бийликтин техникасы тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
