
Ошто энергетика тармагында үч обьект курулуп, пайдаланууга берилди
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-11-декабь күдөрү өлкөнүн түштүк жергесине иш сапары менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинин административдик имаратынын, 110/10 кВ «Бүлөлү» көмөк чордонунун жана 10 кВ «Жар-Башы-Жекенди» аба чубалгысынын курулуштары аяктагандыгына байланыштуу, пайдаланууга берүү иш-чарасына катышты.
Алгач Кара-Кулжа райондук электр тармактарына жаңы заманбап имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы имаратты пайдаланууга берүү менен 14 673 даана керектөөчүлөрдүн тейлөө сапаты жогорулады. Буга чейин Кара-Кулжа РЭТинин административдик имараты 1965-жылы курулган жана акыбалы авариялык жараксыз абалда болгон.
Ушул эле күнү министр Т.Ибраев Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында 110/10 кВ көмөк чордонун ачылыш аземине катышты. Бул көмөк чордонду куруу маселеси экинчи Элдик Курултайда көтөрүлгөн. Куруу чечими Энергетика министрлиги тарабынан кабыл алынып, бүгүнкү күндө калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 110/10 кВ «Бүлөлү» көмөк чордонунун курулушу аяктап, ишке киргизилди.
Мындан тышкары, экинчи Элдик курултайда узундугу 22 км болгон эки чынжырлуу 10 кВ «Жар-Башы-Жекенди» аба чубалгысын куруу зарылдыгы боюнча маселе көтөрүлгөн.
Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, жаңы 10 кВтук заманбап СИП-3 аба чубалгысы курулуп ишке берилди. Жалпысы 1 335 абоненттин электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулатылды. Белгилей кетсек, жогорудагы көрсөтүлгөн курулуштар “КУЭТ” ААКтын өздүк каражатынын эсебинен аткарылды.
Объьектилердин ачылыш аземинде министр Т.Ибраев өз сөзүндө энергетика тармагында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жаңылануу, генерацияны көбөйтүү, ири долбоорлорду ишке ашыруу иштери акыркы жылдары ыкчам аткарылып жатканын баса белгиледи.
Энергетиктерге керектүү шартты түзүп бергенде гана, ар бир үйдө жарык жана жылуулук болоорун айтып өттү. Ошондой эле энергетиктердин эл үчүн кылган кызматы токтобой тураарын билдирди.
Кара-Кулжалыктар энергетика министринин калк үчүн кылган эмгегин баалап, Кара-Кулжанын “Ардактуу атуулу” төш белгиси менен сыйласа, Алайдын жергиликтүү тургундары энергетиктерге батасын берип узатышты.