
Баткендин алыскы Зардалы айылына электр жарыгы берилди
Баткен районунун Зардалы айылына 10-декабрда электр энергиясы берилди. Мындай жагымдуу жаңылык менен президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бөлүштү.
Тактап айта турган болсок, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, жарык берилди.
Бул саамалыкка энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер жеринен катышып, айыл элинин кубанычына ортоктош болушту.
"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен,айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы, "Кыргызстан Улуттук электр тармагы"ишканасы тарабынан орнотулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылы 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.
Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди.
Өлкө башчысынын айылга сапарынан соң, бир ай аралыгында уюлдук байланыш да жеткирилип, тургундар өлкө башчысы менен телефондо сүйлөшкөн.