Ош шаарында Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун филиалы 24/7 режиминде иш алып барууда
Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандыруу – ОСАГО боюнча мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирерин эске алганда, Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму (МКУ) жарандардын камсыздандыруу полисин алуудагы шарттарын жеңилдетүү жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүү максатында өз ишин күчөтүүдө.
Эми Ош шаарында, Рысбай Абдыкадыров көчөсү, 2А дарегинде жайгашкан «Жамбы» бизнес борборундагы МКУнун Ош филиалы жарандарды күнү-түнү, 24/7 режиминде кабыл алып, ОСАГО боюнча камсыздандыруу полистерин толук мыйзамдуу негизде даярдап берүүдө.
Бул демилге жарандардын эс алуу күнү, майрам күндөрү да полис алып, жоопкерчиликтүү айдоочу катары мыйзамды өз убагында аткаруусуна шарт түзөт.
