Жогорку соттун төрагасы cудьяларды иштерине так болууга чакырды
11 декабрь

Жогорку соттун төрагасы cудьяларды иштерине так болууга чакырды

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 10-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунда болду. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. 

Бакай-Ата райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Кадырбек Матисаков аталган сотто 2 судья жана 15 аппарат кызматкерлери эмгектенип жаткандыгын билдирди.

Медербек Сатыев сот адилеттигин жүргүзүү иштерине көңүл буруп, cудьяларды иштерине так болууга чакырды.

“Президент Садыр Нургожоевичтин сот системасын жакшыртууга болгон камкордугу жана ишеними бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Айлык маянанын көтөрүлүшү, жаңы турак жайлардын курулушу жана материалдык-техникалык базанын чыңдалышы – бул сотторго жарандарга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү үчүн эң жакшы шарттарды түзүү дегенди түшүндүрөт.

Мамлекет башчысы соттордон бир гана адилеттүү, мыйзамдуу, негиздүү чечимдердин чыгышып талап кылууда. Андыктан, биз соттор элдин ишенимин арттыруу үчүн болгон күч аракетибизди жумшашыбыз керек. Анткени, элдер соттордон адилеттүү чечимдерди күтүп жатышат”, - деп билдирди төрага.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун имараты 1963-жылы курулган жана акыркы жолу 2017-2018 жылдары капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Медербек Сатыев имараттын абалы менен таанышып, эмгек жамааттын иштөө шарттарын көрүп чыкты.