III Элдик курултайга Нарын облусунан 43 делегат барат
11 декабрь

III Элдик курултайга Нарын облусунан 43 делегат барат

Нарын шаарында күн мурун III Элдик курултайга катышчу делегаттардын жолугушуусу өтүп, ага облус аймагынан шайланган 43 делегат катышты.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, жыйынга ошондой эле президенттин администрациясынын Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Улан Маматканов, Элдик курултайдын катчылыгынын Замир Көчөрбаев, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, биринчи орун басары Адыл Солтоев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, Нарын шаарынын мэри жана тиешелүү облустук мекеме-жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймакты өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланып, социалдык жана экономикалык абалды жакшыртууга багытталган сунуштар айтылды. Делегаттар тажрыйба жана идеялар менен алмашып, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу, маселелерди чечүү үчүн биргеликте иштөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасашты.

Андан соң, делегаттар облуста аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алып, “Куланак ГЭСинин” курулушу, 9 кабаттуу, 4 блоктон турган, 216 батирлүү ипотекалык турак үйүнүн, «Нарын» аэропортунун, 6 блоктон турган 10 кабаттуу“Тянь-Шань сити” курулушу менен жеринде барып таанышышты.

Эске салсак, президенттин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №199 тескемесин жана КР президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Кезектеги III Элдик курултайды 2024-жылдын 20-декабрында өткөрүү жөнүндө жарлыгына ылайык, уюштуруу комитети тарабынан бекитилген календарлык планга жараша Элдик Курултайга катышууга облустун аймагынан жалпы 43 делегат шайланды.