«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-июндагы жыйында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Аталган мыйзам долбоору Конституцияда белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.
