Оштун Бекмамат Осмонов көчөсүндө тротуар менен веложол курулууда
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Бекмамат Осмонов көчөсүндө жашыл аймактарды түзүү жана узундугу 820 метр, туурасы 4 метрди түзгөн тротуар менен веложолду куруу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштери аталган көчөдө жайгашкан №50 Нышанов атындагы мектептен баштап, Мамыров көчөсүндөгү айланма жолуна чейин уланып, 5-майга чейин толук бүткөрүү каралган.
