Кыргызстанда майыптуулугу бар балдарга айына 8 миң сом пособие берилет
2 июнь

Кыргызстанда майыптуулугу бар балдарга айына 8 миң сом пособие берилет

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети «Майыптуулугу бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакованын айтымында, өлкөдө майыптуулугу бар бала айына 8 миң өлчөмүндөгү жөлөкпул алат.

«2022-жылы жөлөкпул 100 пайызга көбөйтүлгөн, ага чейин 4 миң болчу. Бул жөлөкпул бала 18 жашка чыкканга чейин төлөнөт, андан кийин жаран катары майыптуулугунун тобуна жараша төлөм алып баштайт. Мисалы, 8 миң, 6,6 миң же 5,4 миң сом», – деди министрдин орун басары.