Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү маселеси талкууланды
Бүгүн, 23-февралдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 3297-VII «Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Алгач токтомдун демилгечиси, депутат Медербек Алиев аталган документтин максаты тууралуу маалымат берип, укук коргоо органдарына берилген тапшырмаларга учкай токтолду. Анын айтымында, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага жана Улуттук банкка ар квартал сайын Жогорку Кеңешке тиешелүү маалымат берип туруу милдеттендирилген.
«Интернеттин кеңири жайылышы менен алдамчылык кылмыштарынын саны да өсүүдө. Айрыкча акыркы мезгилде банк тармагына байланышкан жаңы кылмыш түрлөрү көбөйүп, миңдеген жарандар олуттуу материалдык чыгымдарга учурап жатышат. Андыктан, Жогорку Кеңеш жаңы алдамчылык ыкмаларына каршы күрөшүү механизмдерин иштеп чыгып, бул багытта системалуу талдоо жүргүзүү боюнча токтом кабыл алган», – деди.
Андан соң баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, өлкө аймагында 2025-жылга карата банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагында 3267 материал катталып, анын ичинен 1547 кылмыш иш козолгон.
«Козголгон кылмыш иштердин ичинен 834 бети ачылган, ал эми 713 кылмыштын бети ачылган эмес, кылмыштын ачылуу пайызы 53,9% түзөт», – деди.
Талкуу маалында депутат Улан Примов жарандардын биометрикалык маалыматтарын, сүрөттөрүн жана үнүн туурап колдонуу менен WhatsApp жана Telegram сыяктуу мобилдик тиркемелер аркылуу жасалган алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми эл өкүлү Камила Талиева кылмыштардын ачылуу деңгээлинин төмөн бойдон калып жатышынын себептерине кызыкты. Буга баяндамачы мындай кылмыштарды ачуу татаал экенин, көп учурда кылмышкерлердин өздүгүн аныктоо мүмкүн болбой, алардын айрымдары чет өлкөлөрдө жүргөнүн жүйө келтирди.
Ошону менен бирге депутат Илимбек Кубанычбеков калк арасында, айрыкча жаштарга түшүндүрүү иштерин кеңейтүү керектигин белгилеп, көптөгөн жаштар дроппер катары тартылып, укуктук кесепеттерин толук түшүнбөй алдамчылыкка аралашып жатканын айтты. Министрдин орун басары 2025-жылы 226 жаран алдамчыларга өзүнүн SIM-карталарын жана банк карталарын берип, акча каражаттарын чыгарып кетүүгө шарт түзгөн учурлар катталганын маалымдады.
Өз кезегинде депутат Айсаракан Абдибаева шектүү банк операцияларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча банк сектору тарабынан көрүлүп жаткан чараларды тактады. Депутаттар Дастан Бекешев жана Жаныбек Абиров жасалма интеллект колдонулган киберкылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү маселесине токтолушту. Жаныбек Абиров жакынкы 5 жылда мындай кылмыштардын саны өсүшү мүмкүн экенин белгилеп, мамлекеттик органдар жана банктар алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин кошумчалады. Эл өкүлү Жумабек Салымбеков да киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүм түзүү мезгил талабы деген пикирин билдирди.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин тѳрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
