Ош облусу боюнча 81 даана көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
13 март

Ош облусу боюнча 81 даана көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Ош электр тармактары ишканасынын “Көмөк чордондор” кызматы тарабынан Ош облусунда электр тармактарын туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 2025-жылы жалпы 81 даана 220/110/35/10-6 кВ көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. 

Бул иштер облус боюнча электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталат.

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы “Түштүк” тайпасы Ош, Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай райондорунунда жайгашкан 23 көмөк чордондо ремонт иштерин аткарат.

Ал эми Кара-Суу тайпасы тарабынан Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун аймагындагы 27 көмөк чордондо ремонт иштери жүргүзүлөт.

Манас-Ата тайпасы тарабынан быйылкы жылы Ош, Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда жайгашкан 28 көмөк чордондордо ремонт жасалат.

Муну менен катар Ош тайпасы Ноокат, Араван райондорундагы жана Ош шаарындагы 14 көмөк чордондорду оңдоп-түзөөдөн өткөрөт.

2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата пландалган иштер белгиленген графикке ылайык, ушул жылдын март айынан тарта ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Ремонт иштерине керектелүүчү жабдыктар “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланат.