Борбордук милициянын ЭММКАК кызматы “Экстремист” аталышындагы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү
2 июнь

Борбордук милициянын ЭММКАК кызматы “Экстремист” аталышындагы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматыныны кызматкерлери 2025-жылдын 28-май күнүнөн баштап 30-май күнүнө чейин шаардын аймагында “Экстремист” аталыштагы ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси негизинде, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Йакын-Инкар” диний уюмунун мүчөлөрү аныкталып, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Үсөнбаев жана Бакай-Ата жаңы конушутарынан тийиштүү мамлекеттик органдардан уруксат кагаздары жок 170ке жакын кыз-келин билим алып жаткан кыздар медреселери аныкталган.

Кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 142 беренесине ылайык 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынып, диний окуу жайы тийиштүү документерин алганга чейин толугу менен ишмердүүлүгүн токтотту.