Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолуна чектөө киргизилди
Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымы оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө 23-март, саат 23:30дан тартып убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
"“Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында чектөө киргизилди", - деп айтылат маалыматт.
Кошумча маалымат берилет.
