Чүйдө куткаруучулар суу каптаган айылдардагы кырдаалды жөнгө салууда
Чүйдө куткаруучулар суу каптаган айылдардагы кырдаалды жөнгө салууда, деп кабарлайт ӨКМдин маалымат кызматы.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Чүй облусунун Жайыл районунда аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Суусамыр айыл аймагына караштуу Кайсар айылында кокту-колоттогу карлар ээрип, көпүрөгө батпай, жолду каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу, 2 мотопомпа тартылган. Жерине кошумча кырдаалды жоюуга Суусамыр айыл аймагынан 1 трактор тартылды. Күч каражаттардын жардамында муздар талкаланып, суунун нугу бурулуп, кырдаал жоюлду.
Ал эми Чүй районундагы Ибраимов айыл аймагынын Арпа-Тектир айылында жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшүп, жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ саат 21:20да жерине жетишти.
Кошумча Ибраимов айылынан 1 экскаватор жана 1 трактор, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды. Техниканын жардамында суу каптоо коркунучун жою жумуштары жүрүүдө.
