Жалал-Абадда катуу жаандан улам айрым айылдарды суу каптады
Жалал-Абадда катуу жаандан улам айрым айылдарды суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Курулуш айылдарында жаап жаткан жамгырга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу колоттогу карлар ээрип, арыктарга батпай, жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине сегиз куткаруучу, бир жүктөгүч, Каныш-Кыя айылынан бир экскватор, Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү туругундардан 53 адам тартылды.
Жеринде сел каналдарды тазалоо жана кооптуулук жараткан турак жайдагы сууларды сыртка чыгаруу жумуштары жүрүүдө.
