Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө уруксат берилет
Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Турак-жай кодексине, «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Жыйынга 80 депутат катышкан, алардын 72си мыйзам долбооруна «макул» добушун берген. «каршы» – 0.
Баяндамачылар билдиргендей, мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө жол берет. Бирок бул процесске баруу үчүн кызматкер 20 жана андан көп жыл укук коргоо тармагында иштеши керек.
