Ош ШИИБдин басма сөз кызматы
4 август
Ошто "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аял кармалды
Ош шаарында "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аялдын өздүгү такталды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Окуя Ж. Раимбеков көчөсүндө 2026-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түнү болгон.
Окуяна шектелген аял Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат.
"Жеткирилген аял Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 1992-жылы туулган тургуну, эч жерде иштебейт. Ошол күнү курбусу менен анын үйүндө алкоголдук ичимдик ичип чыккандыгын, бирок мас абалда болгондуктан "Ош-Тазалыкта" иштеген жумушчу аял менен болгон окуя эсинде жок экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө кызматы окуя боюнча иликтөөнү улантып жатат.
