Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушунун аякташына карата сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү
Бүгүн, 2026-жылдын 4-августунда, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушунун аякташына карата ишкананын жана башка түзүмдөрдүн кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жамаатты маанилүү окуя менен куттуктап, өлкө үчүн маанилүү инфраструктуралык жана стратегиялык долбоорлордун бирин ишке ашырууга олуттуу салым кошкон бардык кызматкерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Өз сөзүндө Азамат Сакиев курулуш иштеринин ийгиликтүү аякташы жалпы жамааттын кесипкөйлүгүнүн, жоопкерчилигинин жана биргелешкен аракетинин жыйынтыгы болгонун белгиледи.
«Өзүңөр билгендей, тарых көрсөткөндөй Балыкчы – Кочкор темир жолу өлкөбүз үчүн экономикалык жана стратегиялык жактан абдан зарыл болгон. Бул Балыкчы – Макмал темир жолун куруунун биринчи этабы. Урматтуу кесиптештер, чын жүрөгүмдөн, ак дилимден силерге эмгегиңер жана темир жолубуз жетишип жаткан ийгиликтер үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн биз калыбына келтирүү менен гана чектелбестен, жаратуу жолунда да баратабыз. Ушул мезгилде биздин командабыз, темир жолчуларыбыз кандай гана кыйын жол болбосун, аны жеңип өтөрүнө сыймыктануу жана ишеним менен айта алам. Ошондуктан сабырыңар, эмгегиңер жана темир жол үчүн жасаган бардык аракеттериңер үчүн чоң рахмат», – деди ал.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушуна жана өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн кызматкерлер ведомстволук сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
