Прокурордук актылардын негизинде томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болушту
5 апрель

Прокурордук актылардын негизинде томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болушту

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 4 томолой жетим балдар турак жай менен камсыз болбогондугу аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында Майлуу-Суу шаарынан 2 балага батир, ошондой эле, Токтогул районунан 1 балага жана Тогуз-Торо районунан 1 балага жер тилкелери бөлүнүп берилди.